Бек Борбиев - Кыргызстан

Просмотров: 478
 
Тональность: Не знаю
Битрейт 320 kbps
Время: 4:33 мин.
Размер: 10,41Мб
скачали: 3
Добавил
Выставить этот минус трек на форуме
скопируйте этот код и поставьте в любой пост на ВКМ форуме
Тип Минус
Жанр Поп
Тематика Без Тематики
Страна исполнителя Кыргызстан
  • Текст/Слова
Добавил: Lord Nelson
Кай күнү, кай мезгилде карабайын,
Шаттанам келбетиңе баладайым.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Жаныма дары арча,карагайың.

Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн,
Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн.
Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн.

Кең жазда термеген ырларыңды,
Жуткандай боломун мен булагыңды.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Комузуң кандырат го кумарымды.

Аруу таң, ай нуруңан туулганмын,
Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын.
Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан,
Мен сенин таалайыңа туулганмын.

Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң,
Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң,
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң.

Желпилдеп желкеге чач тараганмын,
Көңүлүм күзгү кылып караганмын.
Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин бакытыңа,
Мен сенин бакытыңа жаралганмын.
  • Транскрипция
Аранжировщик/минусмейкер:
Музыка/Композитор:
Слова/Поэт:
Сведение/Мастеринг:
Музыканты:
Ноты / Партитуры